fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

Jany-Tilek 1 jun 01Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылындагы таланттуу балдарга Таалим-Форум коомдук фонду колдоо көрсөтүүсүн улантууда. Мектеп окуучулары беш жыл бою кыргыз салттуу музыкалык искусствосу менен алектенишип, комуз, ооз комуз, чопо чоор ойноого үйрөнүп жатышат. 1-июнда, Балдарды коргоо күнүндө, Таалим-Форумдун координаторлору жана музыкант Нурбек Серкебаев музыкалык ийримдин катышуучуларына жолугууга жана жаңы ачылган бала-бакчанын майрамы менен куттуктап, көрүп келүүгө барып келишти. Чебер уста жана сүрөтчү Марат Берикбаевдин өрүктөн жасалган комузун музыкалык ийримдин мүчөлөрү белекке алышты. Музыка  боюнча жаңы китептер,  Манас жана Семетей эпосторун айткан манасчылардын дисктери, кыргыз  жана чет элдик киноматографтардын көркөм тасмаларынын дисктери тартууланды. Бул тасмаларды балдар менен айылдын тургундары белекке берилген проектордун жардамы менен чоң экрандан көрө алышат, жергиликтүү мугалимдер бул жаңы технологияларды окутуу процессинде колдоно алышат.

Салтка айланган клубдагы жолугушууда, көпчүлүгү балдардын ата-энелери, музыкалык ийримдин концертин көрүштү, 

Jany-Tilek 1 jun 02

балдардын алгачкы мугалими Нурбек Серкебаев чеберчиликке үйрөтүү менен бир нече чыгармаларды аткарды. Бала-бакчанын тарбиялануучулары эң алгачкы сахнага чыгуу кадамын ташташты. Бала-бакча да белексиз калган жок, аларга алгачкы жолу кыргыз тилинде Таалим-Форум коомдук фонду тарабынан чыгарылган боёмо-китепчелер тапшырылды. Китепчелерди жаңы ачылган бала-бакча кубаныч менен кабыл алды, анткени үйрөтүүчү жана окутуучу материалдар жаңы бакчада жетишсиз экен.

Jany-Tilek 1 jun 03

2009-жылы Кристенсен фондунун (АКШ) колдоосу менен, Таалим-Форум коомдук фондунун долбоору аркылуу айылда ресурстук-маалымат борбору айыл тургундаы үчүн ачылган. Бүгүн ал жаңы компьютер менен толукталды. Борбордун жетекчиси, коомдун лидери, жергиликтүү музыка мугалими 

Нурбек Дөлөталиев айыл жана анын тургундары тууралуу тарткан тасмаларды жана сүрөттөрдү (фото) монтаждап архивинде сактап коё алат.
Айылдагы балдардын музыкалык өнүгүүсүн колдогон Сан-Францискодогу Door Dog Music Production уюму. Ал Таалим-Форум коомдук фонду менен көптөн бери өнөктөш байланышта.

Ресурстук-маалымат борборунун базасында келечекте айыл тургундарынын жашоосун жогорулатууга өз алдынча долбоорлорду иштеп чыгып, ресурстарды топтоого жарай турган жергиликтүү коомдук фонд түзүү пландалууда.

Жаңы-Тилек чакан айылынын балдарына жана кайдыгер эмес айыл тургундарына ийгилик каалайбыз!